Орусиянын экология жана жаратылыш ресурстар министри Дмитрий Кобылкин Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булуң айылында жайгашкан “Мурас” орус-кыргыз шумкар борборуна делегация баштап келди. Бул борбор 2016-жылы курулган. 12 гектар жерди ээлейт. Азыр анда 130 шумкар багылууда. Шумкарлардын арасында орус президенти В.Путин Сауд Аравиянын падышасы менен Абу-Дабинин канзаадасына белекке берген эки ак шумкар да бар. Орус делегация борбордо шумкарлар кандай багылып жатканын көрүштү. Жакында Орусияда дагы жоголуп бараткан шумкар түрлөрүн сактоо боюнча Эл аралык орнитологиялык борбор ачылмакчы. Тажрыйба алып, куштарды багуу жолдорун да үйрөнгүлөрү да келиптир. Ал эми “Мурас” борборуна Аравия менен Европадан дагы шумкарлар алынып келинет. Көлдө аба-ырайы да куштарга ылайыктуу, балапан чыгара турган инкубатор да бар. Быйыл шумкарлардын 62 балапаны чыккан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ