Menu

Түркия ИМ тобунун мүчөсү деп шектелген чет өлкөлүктөрдү депортациялай баштады

Бөлүшүү:

Түркия Сирияда туткунга түшкөн чет өлкөлүк жарандарды депортациялай баштады. Анкара алар «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун мүчөлөрү болгон деп болжолдоодо.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) 11-ноябрда ИМ тобунун мүчөсү деп шектелген АКШнын жараны депортацияланганын билдирди. Мындан тышкары 14-ноябрда Германиянын жети жана Франциянын 11 жараны мекенине өткөрүлүп бериле турганы айтылды. Азырынча Европа өлкөлөрү Анкаранын бул чечимине карата кандай реакция кылганы белгисиз.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон буга чейин Сириянын түндүгүндө күрд кошуундарына каршы жортуулда “Ислам мамлекети” террордук уюмунун 300дөй чет өлкөлүк мүчөсү кармалганын жарыялаган.

Андан сырткары түрк түрмөлөрүндө башка мамлекеттердин жихадчы деп айыпталган бир миңден ашуун жарандары отурат.

Эрдоган Европа мамлекеттерин “Ислам мамлекети” террордук уюмуна кошулуп кеткен жарандарынын тагдырына кайдыгер деп бир канча ирет айыптаган. АКШнын президенти Дональд Трамп дагы Европа өлкөлөрүн Сириядагы лагерлерде кармалып турган жарандарын алып кетүүгө чакырган.

Анкаранын Сириянын түндүгүндөгү күрд кошуундарына каршы жортуулу маалында абактарда, лагерлерде кармалып турган жүздөгөн жоочу качып кеткени белгилүү болгон.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыраткан. Ошондуктан депортацияланган жарандарын кабыл алар-албасы алар баргандан кийин белгилүү болот.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: