Menu

Эми партлидерлер эч нерсе чечпей калат

Бөлүшүү:

Депутаттар Искак Масалиев менен Жанар Акаев шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу туура сунуш берип жатышат. Алардын киргизип жаткан өзгөртүүсүнө келе турган болсок, анда мындан ары партиянын лидери талапкерлердин тизмесин өзү түзбөйт. Шайлоочуларга эки тизме бериле турган болот. Анда шайлоочу каалаган талапкерине добушун берет жана өз аймагынан көп добуш алган талапкер депутат боло алат. Бул тууралуу эл өкүлдөрү кечээ күнкү “шайлоо босогосу канча пайыз болуш керек?” – деген темада болуп өткөн тегерек столдо билдиришти. Буга чейин партиялык системадагы кемчиликтер, добуш партияга гана карап берилип, кийин партия лидери каалаган талапкерди депутат кылып алып келүүгө мүмкүн болгон. Ошондон улам коомдо нааразычылыктар чыгып, бир мандаттуу шайлоо системасына эле келишибиз керек экенин айтылып жүргөн. Эми парламенттик шайлоо системасы мына ушундай өзгөрүүгө баруу менен коомдогу партиялык шайлоо өнөктүгүнүн өксүктөрүн басууга болоорун билдиришүүдө.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: