Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы (Полиция шаарчасы) Молдомуса Конгантиев атындагы көчө өзгөртүлдү. Мындай маалыматты жергиликтүү жашоочулар билдирди.
Алардын айтымында, андагы жашоочулар М.Конгантиевдин аты берилишине башынан эле каршы болуп келишкен, атүгүл билишкен эмес. Бул тууралуу жыйын болуп, Конгантиевдин ысымын ыйгаруу токтому жокко чыгарылып, Мурас деп атоо токтому чыккан.
Эске сала кетсек, жети кишинин ичинен Молдомуса Конгантиевдин аты тандалып, ысымы берилгени 22-октябрда маалым болгон. Бул маалыматты кандай кабыл алганы боюнча журналисттер Конгантиевден сурашканда, ал билбей, укпаганын айтканы менен ага жагымдуу болгонун айткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ