Menu

Токтомду токугандарда мандем бар

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев мурдагы президент Курманбек Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгарган токтом артка кайтарыларын, жергиликтүү кеңештин депутаттары мыйзамсыз токтом чыгарып, бул тууралуу облустук бийликке кабар беришпегенин айтты. – Токтом мыйзамсыз болгондугуна байланыштуу артка кайтарылат. Бакиевдин ысымын көчөгө ыйгаруу тууралуу маалымат, райондук жана облустук жетекчиликке өз убагында маалымдалган эмес. Мыйзамсыз кадамдарга баргандарга чара көрүлөт. Көчө башына орнотулган тактайча демонтаж болуп алынды, – деди Сатыбалдиев. Облустук бийлик оозун ачып олтурганда, жергиликтүү депутаттар токтом токуй коюшкан тура. Черт побериники десе. Же бул жетекчинин миң шылтоосунун бириби? Болбосо токтом чыгып, көчөнүн башына аты илингенче унчукпай олтурганы эмнеси? Мындай номерлериңер өтпөйт урматтуу “Бакиевчилер”, Бакиевдерди эл унута элек. Унутушпайт дагы. Эсиңерге бекем түйгүлө!

9-ноябрда социалдык тармактарга Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы тууралуу маалымат тараган. Мындан кийин Рахманжан айылынын башчысы Жакшылык Эгембердиев айылдагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылганын ырастаган болчу. Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. Жакында эле Чүйдүн Көк-Жар айылындагы көчөлөрдүн бирине мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин ысымы ыйгарылганы ачыкка чыгып, ал коомчулуктун сын-пикирин жараткан. Конгантиевге 2005-жылдын 24-март, 2010-жылдын апрель окуялары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери («Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык») менен кылмыш иши козголгон.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: