Menu

Адахан Мадумаров, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери: «Шайлоодогу босого балын 5%га түшүрбөсө, бул шайлоо кийинки революцияга жол ачат»

Бөлүшүү:

Бишкектеги “Достук”  мейманканасындагы имаратта «КРнын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек стол кечээ, 11-ноябрда болуп өттү. Ага экс-депутаттар Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов Өмүрбек сыяктуу белгилүү саясатчылар жана бул мыйзамды иштеп чыккан ЖК депутаттары Исхак Масалиев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев катышып, талкуулашты. Алар мыйзам долбоору боюнча ойлорун ортого салып, келаткан парламенттик шайлоодо 9 пайыздык босого чегин тогуз пайыздан түшүрүүнү сунушташты.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров мурдагы айткан сөзүн дагы кайталады: “Мен мурун да айттым эле, жок дегенде 5 пайызга түшүрбөсө, анда ушул шайлоо революция менен бүтөт”,-деп. Ошону кайра кайталап коеюн. Шайлоодогу босого балын 5%га түшүрбөсө, бул шайлоо кийинки революцияга жол ачат”, – деди Мадумаров.

Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев да оюн ортого салган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: