Бишкек шаардык депуттарды 9 жылдын аралыгында “Бишкекпекарня” муниципалдык ишканасынын 11 директору алмашып, башкы бухгалтери ордунан козголбой иштеп келгенине таңгалышты. Депутат Казыбек Эргешов ишкана өнүкпөй, шаар бүджетине бир тыйын которбогонуна наарызы болду.
“Сиз канчанчы директорсуз?” – деп ишкана жетекчиси Марат Жумабековдон сурады. “Он экинчи”, – деди ал. “Ал эми башкы бухгалтериңер алмашпай келет. Эмне, аныңар серый кардиналбы? 11 директорду “башын жеген” кыйын бухгалтер экен” – деп Эргешов тамашалап да жиберди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ