Menu

Арстан Алай, коомдук ишмер: “Жашоодо эч нерседен коркпойм, себеби жамандын дагы жакшы жагы бар”

Бөлүшүү:

Бакма бала болгонума капа болуп жүрдүм

-Мен Ат-Башынын Хан Кошой айылында туулгам. Өзүм 6 уул, 2 кыз бир тууганбыз. Бирок, ата-энем мени 4 жашымда таежеме беришкен экен. Ал киши баласына шерик кылып, мени багып чоңойткон. Чынын айтсам бирөөнүн колунда чоңойгонума капа болчумун. Көп эле кыжаалат болуп жүрдүм. Биздин мектеп 8 жылдык болгондуктан, 8-класстан баштап башка айылдан кесиптик-техникалык окуу жайдан окугам. Мектепти, орто окуу жайды артыкчылык диплом менен бүтүргөм. Мен бала кезимден тың, бышык болчумун. Жайкысын кой кайтарып, кышкысын уй саашып, бала кезде тарткан түйшүгүм мени бышырды. Учурунда бутка туруш үчүн темир, жүн, тери сатып Кытайга каттадым. Ошентип, күжүрмөн эмгек менен буттан туруп, элге жардам кыла баштадым. Кийин партия түптөдүм. Мүмкүнчүлүк көбүрөөк болуш үчүн саясатка аттангам.

Кышты адам баласы пайда кылган

Алгач табият пайда болгон кезде кыш болбоптур. Кийин адамдардын мүнөзү
бузулганда, материалдык байлыктарга азгырыла баштаганда кыш пайда болгон экен. Ал эми мен кыргыздын жан дүйнөсүндө кыш болбой турганын, демек табияттын кышы болбой турганын айткам. Мен өз вазийпамды аткарып жатам. Адамзат азыр түшүнбөсө кийин түшүнөт деп ишенем.

Кыргыз – Теңирдин жердеги көчүрмөсү

Улуу кыргызды коркутуп, мокотуп башкарганга болбойт. Анткени, ааламдан буйрулган укугу көп. Мисалы: жамгыр жаадырган, умайлык кылган. Кыргыз – Теңирдин жердеги көчүрмөсү. Азыр да бийлик мени жоопко тарткысы келип жатат. Мен чындыкты сүйлөйм, чыныгы ишимди кылам.

Ошондо башкаруучулук аң-сезимим калыптанган

Спорт, көп кыймыл ар бир адамдын өмүрүн узартууга өбөлгө. Армияда атайын багыттагы окууда болуп, командир взводдун орун басары кызматын өтөп, ошол күндөн формам, башкаруучулук аң-сезимим калыптанган. Кыргызстандагы спортсмендердин ийгилигин жаратууга машыктыруу шарт түзүү, духун көтөрүү керек. Кыргыз – баарына шыктуу. Спорттун кайсы түрү болсо да таанылат.

Сезим иштесе адам энергия менен азыктанып калат

Эски эт, картошка, камыр тамак жебейм. Себеби, канды булгайт. Кымыз, жарма,
бозо ичем. Чийки суу ичкенде ичегиде мите курт пайда болот, чоңоёт. Аны билбеген адамдар ар түрдүү тамак менен ичегидеги эле курттарды багат. Ичеги таза болбосо – кан бузулат, боор талкаланат, жүрөк ооруу, давление, сахар, беттеги тактар ошондон пайда болот. Акыл иштетип капа болгондо адам тамакты көп ичет, курсагы чыгат денесинде уулар пайда болот. Сезим иштесе адам, энергия менен тамактанып калат, 60% тамактануу жоюлат. Саясатка адам өзгөлөрдү , өлкөнү өстүрүп өркүндөтүүгө аралашат. Багыт берип адамзатты ынандыруу үчүн дили таза болушу керек. Тил, сөз дилден чыгат. Китепти көп окуйм, изилденем, ойчулдардын, психологдордун, ааламдык дастан, касалдарга маани берем. Жаңы доордо жашоо үчүн 5 талап бар. Сый, ыр, бий, дух, жомок. Ырдайм, бийлейм, сыйлайм, духумду бийик алып жүрөм, бул дүйнө бизге жомок. Жомоктоштуруп жашайм. Жакшы музыканы коюп денени бош кармаганда клеткалар эс алат.

Кайын журтум энергияма карап мени сыйлашат

Кайын журтум коңшулаш айылдан. Кайын журтум карапайым, касиеттүү болгондуктан энергияма карап мени сыйлашат. Өз ата-энемдин дагы, кайната, кайненемдин дагы көзү өтүп кеткен.

Табигый илимдин сыры көп болот

Табылма илимдин сыры болбойт. Табигый илимдин көп кыры, улуулугу, керемети болот. Мектеп жашынан жогорку окуу жайга чейин аалам сырын, табияттын кызматын, адамдын жашоого жаралуу максатын, парз-милдетин, аял-эркек ордун, өзүн таануу окутсак ар бир адам жолун таап жашоосуна өкүнбөй, тынчтык ынтымак болмок. Азыркы билим берүү – бул энергия коротуу (акча, убакыт).

Касиетин болбосо эгиниң кесел, эмгегиң бекер болот

Менин өкүнгөнүм улуу, ыйык аксакал, ойчул, акылман адамдардан кеңеш сурабаптырмын. Ошондуктан көп жаңылышуу болду. Кеңеш сурай жүрүү керек экен. Касиетиң болбосо Теңир сени тентиретет. Касиетиң болбосо эгиниң кесел, эмгегиң бекер болот. Адам улуулук сыпатка калыптанганда – акча ошол адамдан түнөк табат . Башчы жакшы болсо айлык менен бутка туруп санааны тынчытууга болот. Жашоодо эч нерседен коркпойм, себеби жамандын дагы жакшы жагы бар. Изденүү керек.

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: