Menu

Айэркен Саймаитинин өлүмүнө Атамбаевдин мурдагы шоопуру, бүгүн ээлеген кызматынан бошотулган Эркин Сопоковдун тийешеси болушу мүмкүн..

Бөлүшүү:

«Түркиядагы кытайлык уйгур бизнесмени Айэркен Саймаитинин өлүмүнө Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулунун тийешеси болушу мүмкүн» деген аталышта «Правдивые слуги» жазып чыкты. Аны төмөндөн окусаңыз болот:

«11-ноябрда Кытайдын жараны Айэркен Саймаити аттуу ишкер Түркияда киши колдуу болуп өлтүрүлдү. Ал өмүрүнүн акырында Кыргызстандын Башкы консулдугуна таандык дипломатиялык номер тагылган унаа менен жүргөн. Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык номер тууралуу иликтөө кыла турганын билдирди.

Айэркен Саймаити 2016-жылдан бери эл аралык издөөгө алынып жүргөн. Ал ишкерлерди алдап, ири суммадагы акчаларын алдап кеткени белгилүү. Чоӊ кылмышка шектүү кытайлык ишкер, Кыргызстандын Түркиядагы Башкы консулдугунун дипломатиялык номерине жашынып жүргөн. Эмнеге Башкы консулдук алдамчылыкка шектелген адамды канатына калкалап жашырып жүрдү? Башкы консулдун Айэркен Саймаитини жашырып калкалаганга кандай кызыкчылыгы болгон? Мына ушул суроолорго, Башкы консул Эркин Сопоков менен Айэркен Саймаитинин жалпы ортоктош кызыкчылыгы болушу мүмкүн деген ойго келсек болот.

Эркин Сопоков – 2010-жылга чейин, Икрамжан Илмияновдон кийин Алмазбек Атамбаевдин шоопуру болуп иштеген. Кийин президенттин иш-башкармалыгынын “Ала-Арча” резиденциясынын директору болуп дайындалган. 2017-жылы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Түркиядагы Кыргызстандын Башкы консулу болуп бекиген. Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү шопуру менен Айэркен Саймаитинин кандай байланышы бар экенин тийиштүү органдар эми кылдат текшериши керек!”, – деп жазылган.
Жогоруда сөз болгон  Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бүгүн, 12-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулду.

Ал эми кытайлык жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул тууралуу Эркин Сопоков журналисттердин суроосунан качып, баш тартып келген. Бул кандуу окуя учурда иликтенүүдө. Биздин Тышкы иштер министрлиги эки күндөн бери бул маалыматты тактоодо…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: