Стамбул шаарында киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу Sondakika басылмасы жазып чыкты.
Алардын маалыматына караганда, шектүүлөр Аданадан Стамбулга алынып келе жатат. Алар Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылган учурда Адана аймагынан кармалып, Айеркен Саймаитини Кыргызстандагы аласа-бересесинен улам өлтүрүшкөнүн айтышкан. Экөө: Хусейин Ахматалие менен Абдуллах Энвер Кыргызстандын, бирөө: Али Исбех Сириянын жараны болуп чыккан.
Эске сала кетсек, жеке ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Стамбулдагы отелдин багынан атып кетишкен. Каза болгон жеринде анын Range Rover үлгүсүндөгү машинасы табылып, 34 CC 2092 номуру Кыргызстандын Стамбулдагы Генконсулдугуна катталганы маалымдалган. Бул окуяга Эркин Сопоковдун да аты аталган. Бирок ал журналисттердин суроосунан качып, жооп берүүдөн баш тартып келген.
Ал бүгүн ээлеген кызматынан президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен бошотулду
Булак: KyrgyzToday.kg
Комментарий калтыруу Қолқоюсыз Жауапты болдырмау