Кыргызстан өндүргөн продукция дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө сатыла баштады. Өзгөчө сүт азыктары жакшы жолдо сатылууда. Экологиялык жактан таза, ар кандай каллорияга бай тамак аштарга суроо-талаптар ар качан боло берет экен. 2019-жылдын январь-август айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жай тармагынын экспорту 11 млрд 521,1 млн сомду түзгөн. 2018-жылга салыштырып караганда, 28,3% көп болгону айтылууда. Тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр-жайынан продукция 4 млрд 942,8 млн сомго же 71,3 млн АКШ долларына экспорттолгон. 2018-жылдан 14,7% көп болгон. Сүт азыктарынын экспортунун көлөмү 13 миң 91,7 тоннаны түзүп, суммасы 17,6 млн АКШ долларга жеткен, 2017-жыл менен салыштырып караганда, наркы 23,5% кыскарган.
Булак: “Факты.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ