Menu

Өкмөткө өксүк айтпасаң, өздөрү өмүрү көрбөйт

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы буга чейин болуп келген ар кандай тендерлерде коррупциялык элементтер, кала берсе өлкөнүн кызыкчылыгы аз болгон жагдайлар арбын экени айтылып эле келет. Кыргызстан жаш өлкө. Куруу, салуу, ишке ашыруу, иш орундарын түзүү сыяктуу алгылыктуу иштерди жасоодо бир топ аракеттер менен алдыга жыла турган өлкө. Мына ушул багытта алганда, куруу иштериднеги аракеттерде ар дайым аксап келет. Буга өз күчү менен эмес ар кандай тендердик жолдорду тандаган багытыбыз аксатып келет. Өндүрүштү айтпаганда да жол, имараттарды курууда дайыма өзүбүздүн ички куруучулар эмес, чет элдик компаниялар баардык куруу иштерин тендерлер аркылуу утуп, бирок курууда ички жумушчулар тартылаары, мамлекеттин казынасын иштеткен акча каражаттарына “каргыш ургандай” кол салуулар болуп кетээри, тендерлер алар үчүн бизнестин бир түрү сыяктуу амалда ишке ашаары айтпаса да белгилүү. Алсак, ошол эле Талас жолун куруудагы Түрк “Чакыр Япи” компаниясынын аракеттери азырга чейин баш оору болуп келет. Жолду толук бүтпөгөн компания, Талас жолунун тротуарларын жасабай, андан миллиондорду кымырып, Кыргызстандан чыгып кетпей, кайрадан Баткендеги жол куруу тендерине катышып, аны утуп чыгып иш алып барып жатканы деле жашыруун болгон жок. Иши сотко өтүп, териштирүүлөрдүн болгонуна карабай, бир эле өлкөнүн ичинде алардын сайраңдап жүрүшү, аткаруу бийлиги менен укуктук баа берүү системасынын шалаакылыгы болбогондо эмне?

Ошол эле Ысык-Көлдөгү “Балыкчы-Корумду” жолунун абалы деле ушул кезде аягына чыкпай, ар кандай нааразычылыктар менен коштолууда. Куруу иштериндеги мындай коррупциялык, кала берсе жең ичинен соодалашкан жеп-ичкич биздин чоңдордун жоруктары менен коштолгон бир топ аракеттер бар. Бирок, биздин өкмөт бул иштердин бир тобуна көзүн жумуп келе жатат. “Бишкек – Карабалта – Чүй” жолу деле башталганына 3 жыл аяк басып бара жатса да, ушул кезге чейин өкмөт тарабынан бир да жолу ишин сындап, алардын ташбака аракетине бир да жолу катуу чараларды көргөнгө жарай элек. Эске салсак, бул жолдун тендерде кандай жол менен жеңишке жетип, ишин баштаганы ЖКнын ичинде бир топ талкууну жараткан. Өкмөттүн ишке болгон мамилеси мына ушундай аракеттерде ачык байкалып, дайыма жыйындарда кооз сүйлөп, эски комунисттик башкаруунун желаргысынан чыга албай, “жасап жатабыз, текшерүүдөбүз, буйруса бүтөт” дегенден башканы айта албай жатканы чоң кемчилик болууда. Бүгүн, коомдо Абылгазиев жетектеген өкмөтткө нааразы тараптар көп. Бирок, анын реформатор эмес, бийликчил, жек көрүндүгө барбаган сыланкороз жооштугу, амбициянын жоктугу кимдир бирөөлөргө жагып, жалтак жетекчинин жакшы жагын ушундан көрүп кармап келе жатканындай туюлат.

Кечээ, ЖКнын жыйынында дагы Абылгазиев жетектеген өкмөткө куруу иштериндеги коррупциялык аракеттерди токтотууга, жоопкерчиликти арттырууга жолдор сунушталып, анда куруу иштериндеги тендерлер атамекендик компаниялардан башкаларга берилбеши керек экенин, атамекендик компанияларда жоопкерчилик болоору айтылды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров өкмөткө “мамлекеттик сатып алуулар тармагына өзгөчө көңүл буруу менен коррупциялык схемаларды талкаласа болоорун, ал үчүн өкмөт Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин алып келиши керектигин билдирди.

“Мухамметкалый Дүйшекеевич, жыл башындагы баяндамаңызда мамлекеттик сатып алууларда атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону 70 пайызга көтөрөбүз деп айткансыз. Бир аз жылыш болуп, ал 46 пайыз жетиптир. Эмне үчүн толук аткарылган жок? Мына, Бишкек – Кара – Балта, Суусамыр – Талас – Тараз жолун же болбосо, Караван – Көк-Талаа жолун эле карасаңыз. Үч жол курулушунда тең азыр башаламандык болуп, кылмыш иштери ачылып жатат. Насыянын ээси өкмөт, аны өкмөт төлөйт. Бирок насыя алып жатканда макулдашууда мүчүлүштүктөр кетип жатат. Жолдорду салуу боюнча тендерден уткандар чек элдик ишканалар, бирок ишти жасагагдар биздин жергиликтүү курулушчулар болуп жатат. Бул тендерлер сиздин учуруңузда болгон эмес, бирок караңыз”, – деди Зулпукаров.

Өкмөт башчы чынында жолду салууда тендерден уткан компаниялар чет элдик болуп, ишти аткарып жаткандар жергиликтүү компаниялар болуп калып жатканын айтты.

“Чынында баардык эле жол курулуш иштеринде ушундай болуп жатат. Чет
элдик компания тендерди утуп алат да жергиликтүү компанияга таштап коет. Түндүк-Түштүк кошумча жолунда да ушул”, – деди Абылгазиев.

Зулпукаров: “Бул кырдаалдан чыгуунун жолу өтө жеңил. Өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү алып келсин, өзгөртөлү. Келген насыялар жана бюджеттен болуп жаткан сатып алуулар атамекендик компаниялардан башка эч кимге берилбесин деп мыйзам сунуштаңыздар. Сиздер мыйзам долбоорун жазууга даяр эмес болсоңуздар биз жазалы. Сатуп алуулар тармагына өзгөчө көңүл бурсаңыздар ички дүң подукция көтөрүлөт, коррупциялык схемаларды талкалайбыз”, – деди эл өкүлү.

Абылгазиев насыя берген донорлор менен жолугушууда жол жана башка объектилерди кыргызстандык компаниялар курсун деп айтып жатканын, өкмөттүн бул позициясын мыйзамдар менен күчөтүү керектигин билдирди.

Зулпукаров ошондой эле жыл сайын 70 миң жумушчу күч пайда болуп жатканын айтып, 2020-жылы канча жумушчу орун түзүлөт, канча завод жана фабрикалар ачыла турганын турады. Өкмөт башчы бул суроого азырынча так анализ жоктугун айтты.

Андан кийин Ысык-Көл облусунда сүт өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн 5 миллион доллар грант алынганын, ал боюнча эмне болуп жатканын сурады. Өкмөт башчынын жообунан кийин Зулпукаров бюджеттин киреше бөлүгүн көтөрө турган мыйзамдар салыкка жеңилдик берген мыйзамдарга караганда чабал иштеп жатканын кошумчалады.

Баймырза Накай

Булак: “Факты.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: