Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу КР Мыйзамына кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишине барган сайын жигердүү аралашып жаткандыгын белгиледи.

«Биздин өлкө эл аралык экологиялык процесстердин активдүү катышуучусу болуп эсептелет. Анткени Кыргызстанга — тоолуу өлкөгө, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасири курч сезилет. Климаттын өзгөрүшү мөңгүлөргө, суу ресурстарына таасир этет, өлкөнүн тоолуу райондорунда табигый кырсыктардын өсүшүнө алып келет. Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүшүн — экосистема жана адамдар үчүн олуттуу коркунуч катары тааныйт. Ошондуктан Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж макулдашуусун ратификациялаган мыйзамга кол койдум», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков бул макулдашууну ишке ашырууда өлкөнүн салымы төмөндөгүчө болорун белгиледи.

«Бүгүн биздин өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар. Кыргыз Республикасында ГЭСтердин курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу — Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын жана Пакистандын гидроэнергияга болгон керектөөсүн бир кыйла деңгээлде камсыз кылат», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Ал бүтүндөй ири регионду туруктуу өнүктүрүү жана экологиялык зыян ресурстарды колдонууну азайтуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

«Бул ошондой эле климаттын глобалдык ысып кетүүсүн басаңдатууга салым кошот. Глобалдык масштабда бул Макулдашуунун маанилүү жана зарыл экенин өзгөчө белгилейм», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Аталган Мыйзам 2019-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ага ылайык, КР Тышкы иштер министрлиги 2015-жылдын 12-декабрында Парижде КР тарабынан кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо грамотасын депозитарий болгон БУУнун башкы катчысына өткөрүп берүүгө тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 73 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: