Menu

Түркия акысыз дарылануучу кыргызстандыктардын квотасын көбөйттү

Бөлүшүү:

Түркияда акысыз дарылан турган кыргызстандык бейтаптардын жылдык квотасы дагы 50гө көбөйтүлдү. Бул тууралуу түрк өкмөтүнүн Resmi Gazete басылмасы билдирди.

Маалыматка караганда, Түркия президенти Режеп Эрдоган 11-ноябрда Түркияда акысыз дарылана турган бейтаптардын квотасын дагы 50гө көбөйтүү тууралуу кошумча протоколго кол койгон. 50 бейтапты Түркиянын Бишкектеги элчилиги тандайт жана Түркия Саламаттык сактоо министрлиги бекитет. Бейтаптар транспорттук чыгымдарын өз каражаттарынын эсебинен төлөйт.

Эрежеге ылайык, Түркияга өтө оор онкологиялык ооруга чалдыккандар, органдарын алмаштырууга, микрохирургиялык операция жасатууга муктаж кишилер жөнөтүлөт.

2014-жылдагы кыргыз-түрк өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, кыргызстандык 100 бейтап Түркияда акысыз дарыланууга мүмкүнчүлүк алган. 2019-жылы май айында квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча кошумча протокол түзүлгөн.

Бул арада Кыргызстанга бир нече жолу түрк дарыгерлери келип, Түркияга барууга мүмкүнчүлүгү жок бейтаптарга татаал операцияларды жасап кетишкен. Мындан тышкары Анкара Бишкекте дарт аныктоочу борбор курууну сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: