Баткен облустук сотунда киши өлтүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн К.Т. атуу тургун 11 жылга эркинен ажыратылып олтурат. Сот өкүмү 12-ноябрда чыкты.
Документте айтылгандай, соттолуучу балдарын талашып, аялынын үйүнө барат. Сөздөн-сөз чыгып олтуруп, мурдагы жубайлар уруша кетишет да, натыйжада күйөөсү аялын бычак менен урат.
“Мен байкабай уруп алдым, ал биринчи мени чайнек менен башка урду. Үстөлдө бычак жатыптыр, тап берейин деп эле шилтеп койгом”, – дейт соттолгон тарап. Бирок аялы аман калганы менен дароо милицияга кайрылган. Райондук сот 6 жылган кескен болсо, экинчи инстанция аны 11 жылга көтөрүп жиберди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ