“Менин айтайын дегеним, соңку кезде Кыргызстанда кылмыштуулук кенен кулач жайды. Биз 50-жылдардагы Сицилияга айланып баратабыз”, – деп депутат А.Шыкмаматов 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты.
Ал күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн чакырып, соңку кылмыштар боюнча маалымат беришин талап кылды.
“Мадина” базарынын бизнемеси өлтүрүлдү, аэропорттон кишинин сөөгү табылды, жакында стратегиялык ишкананын директору сабалды, 5 млрд сомдук салык жашырган Саймаити Түркиядан өлтүрүлдү, ал эми шектүүлөрдө кыргыз паспорту бар экен. Саймаити айдаган автоунаа дипломаттык номур менен жүргөнү ачык болду. Эч нерсе көрбөгөндөй, укпагандай болуп олтура берелиби? Өкмөт башчы унчукпайт. Бул ЧП. Издөөдө жүргөн неме консулдук машине менен жүрөт. Эмнеге унчукпай олтурабыз? Териштирбейлиби? Эмнеге эч ким жооп бербеши керек?”, – деп ал нааразы болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ