Menu

Үмүттү үзө бергиле: электр арзандабайт

Бөлүшүү:

Кыргызстанда электрэнергияга болгон тарифти өзгөртүү талабы айтылып келет. Коомчулукту айрыкча Өкмөт башчы Абылгазиев өкмөттүн жакынкы айларда электрэнергияга болгон тарифти өзгөртүү боюнча планы жоктугун айтты. Эске салсак акыркы учурларда коомчулукта электрэнергиясын колдонуу 700 кВттан ашкандан кийин өзүнчө тарифке ылайыкталаары нааразы кыла баштады. Бул нерсе такыр жоюулуп кетпесе да жок дегенде 700 кВтты 2000ден ашыруу боюнча сурангандар көп.

Абылгазиев арзандатуу мүмкүн эместигин айтты. Анткени биринчиден Улуттук энергохолдингдин карызы чачтан көп. Экинчиден кыштын кычыраган суугунда күнүнө канча бир сааттап жарык өчүрүлгөн тээ илгерки заманга кайтып барууну каалабаса учурдан тарифине эл көнүүсү керек.

“Улуттук энергохолдингдин 4 миллиард сом карызы бар. Тариф саясаты боюнча айтсам эл азыр сапаттуу товар үчүн төлөө керектигин түшүнүп калды. Келечекте тарифтер кайрадан каралышы мүмкүн, жашоочулар үчүн бирдиктүү, ал эми муктаждар үчүн өзүнчө тариф киргизилиши да ыктымал”, – деди Абылгазиев.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: