Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер К.Кулматов менен А.Ибраимовдун үстнөн сот иши уланды. Сот жүрүшүндө айыпталучулардын бири Кубат Шаршекеев өзүн жаман сезип, кан басымы көтөрүлүп, тез жардам чакырууга аргасыз болушкан.
К.Шаршекеев – “Альто Групп” компаниясынын ээси. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу боюнча айыпталып жатат. Шаршекеев жана 4 айыпталуучу УКМКнын СИЗОсунда олтурушат.
Эскерте кетсек, К.Кулматов 2014-жылы мэр кезинде ЖЭБди модернизациялоо алкагында TBEA компаниясынын 2 млн долларлык грантын мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ