Menu

Футболго билет калбай калды. Күйөрмандар стадионго батпагандыктан фан-зона уюштурулат

Бөлүшүү:

Эртең, 14-ноябрда, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол башталып, Кыргызстан менен Жапониянын футболчулары беттешет. Оюн 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт. Бул тууралуу Футбол федерациясыны басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

Алардын айтымында, билеттердин бардыгы сатылып бүттү. Эртең эшик оюн башталарына эки саат калганда ачылат. Арена 18 миңден ашык адамга ылайыкталгандыктан күйөрмандар стадионго батпайт, ошого байланыштуу фан-зона уюштурулат. Бул боюнча дагы кошумча маалымат берилет.

Эске сала кетсек, Жапониянын футбол боюнча курама командасы жана өкүлдөрү 11-ноябрда Кыргызстанга учуп келишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 79 = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: