10-ноябрда Түркиянын Ыстамбул шаарынан бизнесмен Айэркен Саимаити өлтүрүлгөн. Анын ысымы Кыргызстандан 700 млн доллардын чыгып кетиши боюнча кылмыш ишинде бар эле. Бизнесменди мейманканын кафесинен атып кетишкен. Ал Кыргызстандын консулдук машинесин айдап жүргөнү айтылган. 12-ноябрда Ыстамбулдагы кыргыз консулу Эркин Сопоков өлкө башчысы тарабынан кызматынан алынды.
Бул боюнча шектүүлөр Хусейн Ахметалиев менен Абдулла Энвер Түркиянын Адана шаарынан колго түшүрүлгөн. Экөө тең Кыргызстандын жарандары, кытайлык уйгурлар. Үчүнчүсү сириялык Али Исбе коңшу өлкөгө качып бараткан жеринен кармалган. Видео:
Түркиянын “Азыркы кылымдын гезити” порталы сурак учурунда кармалгандар Кыргызстандагы акча маселесинен улам кол салышканын айтышкан. Ал эми sabah.com порталы бизнесмендин өлүмү Кыргызстандан чыгарылган акчаларга байланыштуу экенин келтирет.
Түрктөрдүн qha.com крым порталы Айэркендин башка ысымы – Самет Эркин деп жазган. Портал бизнесмен кандайча өлтүрүлгөнүн майда-чүйдөсүнө чейин келтирип, шектүүлөр кармалганын, ал эми 12-ноябрда президент С.Жээнбеков Ыстамбулдагы кыргыз генконсулу Эркин Сопоковду кызматтан алганын жазып чыккан. 34 CC 2902 консулдук номуру бар автоунаа Кыргызстан консулдугуна тиешелүү экендигин келтиришкен.
Ал эми КР ТИМи Сопоков өзү автоунаа жөнүндө эч нерсе түшүндүрө албай койгонун айтууда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ