14-ноябрь – Кант диабети менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү. Ошого карата Бишкекте төрт күн бою кандагы канттын өлчөмүн акысыз ченөө акциясы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, акция эртең, 14-ноябрда башталат. Ден соолукту чыңдоо борборунун дарыгерлери менен Эндокриндик борбордун кызматкерлери шаардын ар кайсы жеринде кандагы кантты текшерип, кан басымды бекер өлчөп беришет. .
Кайсы жерде, саат канчада кабыл алат?
- 14-ноябрда, саат 10.00дөн 14.00гө чейин “Дордой Плаза” соода борборунда;
- 18-ноябрда, саат 9.00дөн 12.00гө чейин Абай, 93 дарегиндеги карылардын үй-интернатында;
- 19-ноябрда, саат 9.00дөн 12.00гө чейин Интергельпо, 8 дарегиндеги карылардын үй-интернатында;
- 20-ноябрда, саат 9.00дөн 12.00гө чейин Күрөңкеев, 89 A дарегинде жайгашкан “Ардагер” геронтология борборунда.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ