Menu

Кыргызстан пайдаланган электрэнергиянын 30-40 пайызын үнөмдөй алат

Бөлүшүү:

Бул тууралуу 13-ноябрда Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамкомитетинин энергия булактарын өнүктүрүү секторунун бөлүм башчысы Бекнур Маратбеков тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, соңку жылдары электр пайдалануу 25 пайызга көбөйсө да, электр өндүрүү да 9 пайызга көбөйгөн. Ошондуктан өлкө үчүн энерготаасирдүүлүк өзгөчө маанилүү.

“Анализ көрсөткөндөй, энерготаасирдүүлүктүн потенциалына экномиканын бардык секторлору ээ”, – деди Бекнур мырза.

ПРООН-РТФнын регионалдык долбоорунун жетекчиси Сурен Гүрджинян Кыргызстанда уникалдуу фотометрикалык лаборатория киргизилгенин айтып берди. Ал жарык берген приборлорду тесттен өткөрүп, энергетикалык таасирдүүлүгүнүн параметрлерин сактап турат экен.

“Өлкөдө жарык берүү боюнча курулуш нормалары кабыл алынды, электрди үнөмдөө боюнча сунуштар иштелип чыкты. Электрди үнөмдөө боюнча улуттук программанын долбоору иштелип бүтөйүн деп калды. Бирок техникалык жактан жөнгө салуу  – лабораториялык изилдөөлөрсүз тумтак калат. Ошондуктан Кыргызстан менен Армения жаңы, заманбап фотометрикалык лабораторияларды ачып олтурат. Бул ЕАЭБ айдыңында эң алдыңкы болуп саналат. Лабораторияларды аккредитациядан өткөрүүгө камданып жатабыз”, – деп кошумчалады Сурен Гүрджинян.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: