Menu

Казакстанда Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузулабы?

Бөлүшүү:

Кошуна Казакстандын айрым тарыхтын маани, баркын түшүнө билген жарандары кыргыздын чыгаан уулу Жусул Абдрахмановго эстелик тургузуу сунушу менен чыгышууда. Тагыраагы, казакстандык активист Турарбек Кусаинов Актөбө облусуна 1936-1938-жылдары миңдеген казактарды геноцидден сактап калган кыргыздын мамлекеттик ишмери Жусупбек Абдрахмановго эстелик тургузуу зарылдыгын айтып, мындай сунушун Актөбө облусунун акими Бердибек Сапарбаевге жөнөттү.

«Тарыхый маалыматтар аркылуу Сталиндин баш алгычтары 1936-1938-жылдары далайлардын өмүрүн алышканын жакшы билебиз. Бул убакта 110 миңден ашык казактар репрессияланган. 25 миңден ашык мекендешибиз атылып өлтүрүлгөн. Бул жылдары Казакстанды Левон Мирзоян башкарып турган эле. Ошондуктан Мирзояндын эстелигин алып салып, ордуна кыргыздын уулу Жусуп Абдрахмановго эстелик тургузушубуз керек, ал ошол жылдары Кыргызстанды жетектеп турганда казактарга жакындан жардам берип, миңдеген казактарды ачкачылыктан, өлүмдөн сактап калган. Абдрахманов биз үчүн баатыр, бүгүнкү миңдеген казактар анын арбагынын алдында карыздарбыз, андыктан анын атын Казакстандын бир аймагындагы көчөгө берсек да болот», -деди өз сунушунда казак активисти Турарбек Кусаинов.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: