Menu

Бишкек ЖЭБи боюнча сот: Ж.Назаров күнөөсүн мойнуна алганга даяр, бирок…

Бөлүшүү:

13-ноябрда Бишкектин Свердлов районунда Бишкек ЖЭБи боюнча айып тагылган С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловдун үстүнөн сот отуруму уланды.

Сот айыпталуучу Жолдошбек Назаровду – “Электр станциялары” ААКсынын башкы директорунун орун басарын, генералдык дирекциясынын экс-мүчөсүн сурай баштады. Анын айтымында, долбоорду жүзөгө ашыруу 2015-жылы жазында эле башталган.

“Сиз өзүңүздү коррупция боюнча күнөөлүү деп эсептейсизби?” – деп андан жактоочу Тэишова сурады.

“50 томдук иштен мени бир жеринен күнөөлөгөн бир да сапты таппадым. Айып коюу бөлүгүндө Авазов деген жерге үтүр менен Назаровду да жөн эле кошуп коюшкан. Мени Авазов менен байлап коюшуптур, тергөөчүлөр башка эч нерсе таба алышкан эмес”, – деди айыпталуучу.

Анын айтымында, ал орун басар катары өз милдетин аткарып жатып, долбоордун жүрүшүнө эч таасири болгон эмес.

“Эгерде президент айтса, бардыгы аткарышат. Мен жетекчим Авазовдун айткандарын гана аткардым. Албетте, документти оңдоп-түзөгөнгө укугум бар болчу. Мен техникалык тапшырмалар боюнча иштерди аткаргам. Эгерде жетекчи кабыл алган болсо, мен өзгөртүү киргизе албайм, долбоорду токтото албайм”, – деди Ж.Назаров. Ал “коррупция” боюнча коюлган берени кабыл албастыгын билдирди.

“Мага коюлган айып акылга сыйбайт. Мен атүгүл бардыгы менен учурушканга да үлгүргөн эмесмин. Ал эми бул иште Ольга Владимировна бар экенин дегеле билбептирмин. Ооба, жыйындарга катышчумун, бирок жетекчим менен бирге. Эгерде мени башка берене менен айып койсоңор, күнөөмдү алганга даярмын”, – деп кошумчалады.

Жактоочу Теишова Назаров башкы директордун орун басары болуп турганда, кызматы жогору, чечүүчү роль ойной туган кызмат болгонуна кызыкканда, Назаров “жок” деп жооп берип, компания жеке менчик формада экенин билдирди. ЖЭБди модернизациялоо боюнча компанияны тандоого болгон таасирин сурашты эле, ал:

“Мен “Электр станцияларына” 2012-жылы ноябрь соңунда келгем. Бишкек ЖЭБ боюнча мага чейинки документтер менен таанышып чыктым. Орус-кыргыз эки тараптуу комиссия да болгон. Алар менен КАГЭС-1 долбоору жүзөгө ашырылган. Алар жакшы иштерди жазашты. Кийин концептуалдык долбоор анын 90%ын кайталады. Болгону орустар жасагандын кубаттуулугу 30 мегаваттка аз. Өкмөттүк, мамлекеттик деңгээлде Эксимбанктан кредит алуу чечими чыкканда, биз техникалык жагын гана жүзөгө ашырмай болгонбуз. Бул жерде башкы маселе кредит алганда болуш керек, ага биздин тиешебиз жок. Чынында Кытайга эч ким эч качан өз эрежесин кое алган эмес. Бишкек ЖЭБи – бул пайдасыз актив, өзүнчө эле оор жүк. Мен “Электр станцияларын” ЖЭБден чыгарып, шаарга берүүнү туура көргөм. “Электр станциялар” ЖЭБге кошумча 3-3,5 млрд сом берип турат. Учурунда мэр Нариман Түлеевге өткөрүп берели деп көрсөтсөк, ЖЭБдин чыгымы 8 млрд сом экенин көрүп, башын мыкчыган”, – деди ал.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: