Menu

Абалың кандай болот бюджет?

Бөлүшүү:

Күз аяктап, жаңы жыл жакындаганы ЖКда өлкөнүн келерки жылынын бюджети талкууга алына баштады. Өкмөт башчы М. Абылгазиев баштаган Өкмөттүн мүчөлөрү Жогорку Кеңештин профилдик комитеттеринде келерки жылга бюджетти бекитүү менен алек. Бүгүн, эртең 2020-жылдын бюджети ЖКнын жалпы депутаттарынан кароосуна алынып, өлкөнүн башкы финансылык документи же бекитилип. же артка кайтарылышы керек.

Өкмөт башчынын, каржы министринин айткандарына караганда, келерки жылдын бюджетинин абалы кандай болору маалым болуп калды. Өлкөбүз дагы деле импортко көз каранды бойдон калса, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 7 млрд. 560 млн. доллар болсо, экспорт – 2 млрд. 60 млн. доллар, импорт – 5,5 млрд. доллар болот экен.

Грант, мамлекеттик инвестицияларды кошо эсептегенде, келерки жылдын бюджетинин кирешеси 163 млрд. 710 млн. сомду түзүп, ИДПга карата 24,5 пайызды түзгөнү туру. Бул 2019-жылдагыга караганда 7,9 пайызга, же 11 млрд. 948 млн. сомго көптүк кылат. Салыктык жыйнамдардын өлчөмү 127 млрд. 879 млн. сомго жетери болжолдонууда.

Бюджеттин жалпы чыгашасы 173 млрд. 663,9 млн. сом болору күтүлүүдө. Бул быйылкы жылдан чыгаша 11 млрд. 750,8 млн. сомго көп болот дегенди билдирет.

Тышкы карыздар жөнүндө айтсак, 2020-жылы мамлекеттик карыздарды жабууга 28 млрд. 818 млн. сом сарптоо пландалып атса, тышкы карыздар үчүн 16 млрд. 163 млн. сом, ички карыздарга 12 млрд. 655 млн. сом каралууда.

Тилекке каршы, биздин өлкөнүн бюджети дефицитсиз болбойт эмеспи. Келерки жылдагы бюджеттин дефицити 9 млрд. 953 млн. сом болот, был жылдын дефицитинен 307,3 млн. сомго көптүк кылат.

Булак: Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: