“Дордой” базарынан Тажикстандын эки жаран уруша кетип, бирине бычак сайылып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына таянсак, окуя кечээ, 12-ноябрда, эртең мененки саат 9:25терде болгон. И.И. жана Х.А. аттуу эки адамдын ортосунда акча маселеси боюнча чыр чыгып, уруша кетип, бирөөсү экинчисинин төшүнө бычак сайып жиберген. 30 жаштагы тажикстандык жаран ошол жерден эле жан берген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Адам өлтүрүү”) негизинде Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, шектүү кармалып, ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ