Menu

Кремль Назарбаевдин сунушуна салкын жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге Нур-Султан шаарында жолугушууну сунуштаган.

Шейшемби күнү Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва орус-украин мамилелерин калыбына келтирүүгө макул экенин, бирок Киев буга дилгирлигин көрсөтмөйүн, муну жүзөгө ашыруу мүмкүн болбой турганын айткан.

«Албетте, Путин… жөн эле жолугушуу аз пайда алып келет, жолугушууга даярдык көрүү керек деп эсептейт…Биз баарыбыз “Норманд форматына” даярдык көрүп жатабыз», – деген Песков.

Ал Украина, Орусия, Франция жана Германия лидерлеринин башын бириктирген формат Украинанын чыгышындагы жаңжалды тынч жол менен чечүүгө багытталганын белгиледи.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда.

Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: