Menu

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: «Мухамбеткалый Дүйшекеевич, Кайыңды-Булак айылына «акча бөлөм» деген сөзүңүзгө, күлгөндө көрүнгөн ак тишиңизге ишендим эле. Алигүнчө дайын жок го…»

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеӊештин депутаттары тұштөн кийин күн тартибиндеги “КРнын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун карашты. Ага премьер-министр Мухамбеткалый Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү келип, баяндама жасашты. Баяндама бүтүп, учурда суроо-жооп болууда.

Алгач депутат Дастан Бекешов суроо берип, ал суроосуна тыңгылыктуу жооп ала алган эмес. Азыр да ошол көрүнүш кайталанды. Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ат-Башы районундагы Кайыңды-Булак айылындагы мектепке алигүнчө акча бөлүнбөй жатканын айтып, премьер-министрдин тишине тийишип өттү.

“Мухамбеткалый Дүйшекеевич, Ат-Башы районундагы Кайыңды-Булак айылындагы мектеп маселеси, суу жана жылуулук менен камсыз кылуу боюнча сизге киргенде 5 миллион сом которобуз”,-деп күлгөнүңүздө көрүнгөн ак тишиңизге, иштеп жаткан ишиңизге ишендим эле. Ал боюнча дайын жок го»,-деген суроого вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жооп берди. “Бул маселе боюнча биз сиз менен сүйлөшкөндөй эле 5 миллион сом бөлүнөт, бирок ал сумманы эсептеп көрсөк жетпейт экен. Себеби, жылуулук, даараткана керек жана дагы ал жерге бала бакча салса да болот экен. Ушунун баарын комплекстүү карап жатабыз. Беш миллион сомду берсек, ал жөн гана текке кетип калат экен”,-деди Алтынай Сейитбековна.“Жакшы жагын караштырып жатабыз дебей, 5 миллион сомду берип тургула да”,-деди депутат.

Ал ордото премьер-министр сөзгө аралашты: “Камчыбек Жолдошбаевич, эстедим, ал жердин жылуугун биринчи чечиш керек экен. Чечебиз бул маселени”,-деди. “Эми акчаны качан бересиңер, быйылбы же эмки жылыбы? Беребиз деп коюңузчу, ыраазы болуп калайын»,-деген депутат башка суроо узатты: “Ат-Башы районундагы Казыбек, Кызыл -Туу айылдарындагы каналдарды баланска алып кой”,- деп айта берип тилим жукарды. Эмнеге баланска албай жатасыңар?,-деди. Ал дагы каражатка такалаарын айтып, чечебиз дешти. Үчүнчү суроосу жол маселеси болду. Аны дагы чечебиз дешти. Кыскасы, баягы эле баягы жооптор…

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: