Menu

Текебаев менен Чотоновдун сотунда Салянова суралды. Ал эмнелерди айтып берди?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновдун иши боюнча кезектеги соттук отурум уланды. Бүгүнкү сотко мурунку башкы прокурор Аида Салянова суракка алынды. Ал 2010-жылы Юстиция министри болгон.

Аида Салянованын айтымында, 2010-жылы 13-майда Өмүрбек Текебаев алгач венециялык комиссиянын өкүлдөрү менен тегерек столго катышып, андан кийин өкмөт үйүнө кеңешмеге келип, андан соң конституциялык кеңешмеге кайтып барган. Ал жерде кечки саат 21:00гө чейин болгон.

Ага тергөөчү конституциялык кеңешмеде кимдер болгонун сураганда, ал көбү эсинде жоктугун, бир гана Данияр Нарынбаевди эстеп калганын айтты.

Эске сала кетсек, 29-августта Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. 12-сентябрда отурум болуп, ишти кароо тартиби бекитилген. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орусиялык шылуун ишкер, учурда түрмөдө отурган “Леонид Маевскийден пара алды» деген айып тагылып, Атамбаевдин буйругунун негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Мындай чечимди алар четке кагып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалашкан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: