Menu

Атамбаевдин талапкери Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигинен кетти

Бөлүшүү:

КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев кызматынан кетти. Бул тууралуу  бүгүн, 13-ноябрда өзү журналисттерге билдирди.

Анын айтымында; ал аталган кеңештин төрагылынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арызын жазган. Ошондой эле ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун билддирген.

Эске сала кетсек, Жыпар Жекшеев былтыр, июнь айында КТРКнын Байкоочу кеңешинин жетекчилигине экинчи мөөнөткө шайланган. Шайлоодо 15 мүчөнүн ичинен жалгыз төкмө акын Азамат Болгонбаев гана Жыпар Жекшеевдин кайра шайланышына каршы чыгып, анын кемчилигин айтып чыккан. Көпчүлүктүн колдоочу менен жетекчиликке өтүп кеткен. Мыйзам боюнча, төраганын арызы парламентте каралат жана жаңысы тандалат.

Байкоочу кеңеште 15 мүчө бар, алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент, бешөөнү жарандык коом сунуштайт. Сунушталган талапкерлерди парламент тандайт. Жыпар Жекшеевдин талапкерлигин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. Ошон үчүн ал аны аябай жактап, мактап жүрдү. Атүгүл, Кой-Таштагы окуяга чейин анын хан сарайына барып, акыбалын сурап кеткен. Анда Атамбаевдин жактоочусу Кундуз Жолдубаева андан кыскача маек алып, социалдык тармактарга тараткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: