Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган америкалык кесиптеши Дональд Трамптын түрктөрдүн Сирияга жасай турган операциясынын алдында жиберген катын кайра АКШ президентине кайтарганын кабарлады. Бул тууралуу 14-ноябрда INTERFAX.RU порталы билдирди. “Мен катты урматтуу президенттин өз колуна карматтым”, – деди Эрдоган Трамп менен биргеликте басма сөз жыйынын өткөрүп жатып.
Эскерте кетсек, катта түрктөр Сириядагы күрддөргө каршы операциядан баш тартуусун талап кылып, Трамп түрк президентине “Жинди болбо!” деп жазган. Антпесе АКШ “түрк экономикасын талкалайт” деп коркуткан. Кийин бул каттын чын экенин Ак үй тастыктаган. “Би-би-си” билдиргендей, Эрдоган катты акыр-челек таштаган челекке ыргыткан. Бирок кийин түрк президенти катты Трамптын өзүнө кайтарарын убада кылган эле.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ