Menu

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизет

Бөлүшүү:

2019-жылдын башынан бери Өзбекстан республикасынан Евразия экономикалык биримдигинин фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган. Анын ичинде 10 жолу фитосанитардык талаптары бузулган продукциялар келген. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы жолу Өзбекстандан анар келген, анын ууланган экендиги аныкталган. Аталган товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө “Grapholitha molesta Busck” вирусу менен ууланганы аныкталган.

Аталган факт катталгандан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да “Достук” бекетинен өткөрүлгөн жок.

Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна продукциядан (курма, бий алма ж.б) жараксыз фитосанитардык сертификат жана  кутусунда  этикеткасы жок экендиги такталган.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарлардын Өзбекстандан Кыргызстанга киргизилишине тыю салынышы мүмкүн. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан Өзбекстандын Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине эгерде, мындай учурлар дагы кайталана берсе, өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилиши мүмкүн экендиги жөнүндө кат жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: