14-ноябрда Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын соту Куанбек Киргизбаевди ээлеген кызматынан бошотту. Президенттин ЖКдагы өкүлү Курманбек Дыйканбаевдин айтуусу боюнча, сотторду тандоо кеңешинен президенттин атына кат келип түшкөн, анда К.Киргизбаев пенсиондук курак 70 жашка чыкканына байланыштуу кызматтан бошотулушу керектиги айтылган.
Куанбек Киргизбаев 1949-жылы 10-ноябрда Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айылында туулган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ