Лос-Анжелесте өткөн Азиялык кинофестивалдагы кыска метраждуу тасмалардын конкурсунда Сүйүм Сулайманова “Алтын глобус” сыйлыгын жана стипендиясынын ээси болуп калды.
С.Сулайманованын “Менин досум – менин касым” аттуу 4 мүнөттүк тасмасын калыстар тобу бир добуштан эң мыкты катары аташты.
Буга чейин тасма жыл сайын АКШнын Казакстандагы элчилиги өткөргөн “48 сааттын ичинде тартып кал” деген конкурста көрсөтүлгөн. Ошондо Сүйүм сыйлык катары Нью-Йоркто 10 күн билимин жогорулаткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ