Menu

“Азия Ньюска” 1 миллион сом айып пул салган судья Тынара Абдиева министр менен кантип “соодалашты”?

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Тынара Абдиева министр Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине жазган доо арызын карап, адилетсиз чечим чыгарганы кашкайган чындык. Басылманын лингвистикалык жактан келтирген аргументтерин эске албай, бир жактуулукка ыктап, «Азия Ньюска» 1 миллион сом айып пул салган. Учурда сотторго карата ишенбөөчүлүк, терс пикирлер калыптанып калганы дагы далилденди. Дал ушундай акыйкатсыз, басма сөз эркиндигин муунткан чечимден соң суроо жаралып атат:

– Тынара айым, сиздин бир тууган иниңиз ИИМде иштегендиктен, ортодон министр Кашкар Жунушалиев менен «соодалашуу» болдубу? Бул жагынан «кызматтык» көз карандылыкты моюнга аласызбы? Анан кайдагы мыйзамдуу чечим болмок эле?..

Кыскасы, «Азия Ньюс» гезитине негизсиз 1 миллион сом айып пул салуу менен Тынара Абдиева абийир, Кудай астында актана албаса керек. Убактылуу колдогу мүмкүнчүлүгүн пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруунун аягы эмне болот? Мезгил таразалайт! Мындай кылыгы менен алыска барбай калды го?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: