Menu

“Балыкчы алко трейд” компаниясы мыйзамсыз түрдө арак чыгарган

Бөлүшүү:

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Экономикага каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен бирдикте мыйзамсыз түрдө арак чыгарылган фактыны аныкташты. Бул тууралуу 14-ноябрда Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирди.

Салык көзөмөлү рейд жүргүзгөн учурда “Балыкчы алко трейд” ЖЧКсы лицензиясы жок “Оренбургский пуховой платок” маркасындагы арак чыгара беришкенин аныктады. 2019-жылдын октябрында мындай арак чыгарууга Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана суу чарба министрлиги тарабынан 2020-жылдын 14-январына чейин тыюу салынган.

Бирок ЖЧКнын атынан Балыкчы шаарынын салык кызматына лицензиясын узартуу боюнча расмий өтүнүч келген эмес. Рейд учурунда 0,5 литрлик 21 миң 200 шише арак алынган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: