Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеидбек Атамбаев Башкы прокуратураны сотко берди. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда КСДПнын мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Темирлан Султанбеков билдирди.
Ал «Фейсбуктагы» баракчасына пост калтырды. Анын жазганына караганда, Сеидбек Атамбаев Башкы прокуратура боюнча доо-арыз менен сотко кайрылган. Сотко кайрылууга Башкы прокуратуранын пресс-релизи себеп болгон.
Эске сала кетсек, 31-октябрда «Автомаш-Энерго» ишканасынын башкы кеңсесинде тинтүү болгон. Кайын атасынын үйүнөн ири суммадагы акча табылган. Кой-Таш окуясы боюнча ИИМге сурак берип чыккан жана суралууда…
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ