14-ноябрда бул тууралуу облустук ИИБи билдирди. Маалыматка ылайык, балдар 11-ноябрда жоголуп кетишкен. Ушинтип милицияга 12-ноябрда Чолпонбай айылынын 1986-туулган тургуну кайрылган. Окуя болгон жерге ыкчам топ барган.
Көрсө, мектеп жашындагы балдар мал кайтарганы чыгышып, ошол бойдон кайтып келишкен эмес. Ата-энелер өз алдынча издөө салышкан. Анан таппай койгондоруна байланшытуу милицияга кайрылууга аргасыз болушкан. Кеңири издөө иш-чаралары көрүлүп, балдар 13-ноябрда Талас шаарынан табылып, үйлөрүнө кайтарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ