Menu

Эки жолдун курулушу 379 млн сом зыян алып келген

Бөлүшүү:

Ош-Баткен-Исфана жана Тараз-Талас-Суусамыр жолдорун оңдоп-түзөө учурунда подрядчиктер мамлекетке 379 млн сомдон ашык зыян алып келишкен. Бул тууралуу 14-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамкызматы билдирди.

Азыркы тапта «Чакыр Япы» компаниясынын мурдагы кызматкеринин арызы жана түз көрсөтмөсү менен сотко чейинки өндүрүш балталды. Ал аты аталган фирманын жетекчилери жол курулушунда шылуундук кылгандары жөнүндө маалымат берген.

“Алар Транспорт жана жол министрлигинин жетекчи кызматындагылардын көмөгү менен инвестициялык долбоорду жүзөгө ашырууда жок курулуш иштерине жасалма документ жасап, тендер өткөрүүдө каалашынча калчашкан. Курулуш материалдарын сатып алуу, эмгек акы, тейлөөлөр жогорку баада көрсөтүлгөн”, – дейт маалыматта.

Буга чейин эле “Чакыр Япы” компаниясынын кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иши козголгон. Бир кызматкердин күнөөсү сотто далилденген, экөөсү качып жүрөт. Аларга эл аралык издөө жарыяланган.

“Алке Иншаат” жана “Чакыр Япы” фирмаларынын жетекчилери Ислам өнүктүрүү банкынан 4 млн доллар кредит алышкан. Кийинчерээк “Алке Иншаат” компаниясы “Чакыр Япы” туунду кылып алган “К.Т.” компаниясы менен 15,9 млн долларга субподряддык келишим түзгөн.

Жакында жактоочу Нурбек Абдалиев анын үйү менен кеңсесинде мыйзамсыз тинтүү болгону боюнча кайрылган. Бирок мамкызмат жол курулушу боюнча кылмыш иштин алкагында жүргүзүлгөнүн айтышкан.

“Нурбек Абдалиев жөн гана жактоочу эмес. Ал «Чакыр Япы» туунду фирмасынын жетекчиси. Ага Түркиядан компания башкармалыгы генералдык ишеним катын берип, башкаруга уруксат берген. Ал шылуундукка тиешеси бар”, – дейт Финполиция.

Азыр тергөө амалдары уланууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: