Menu

Динара Аляева: “Онкологиялык оорусу бар балдарга камкордук көрүлбөй калды”

Бөлүшүү:

– Динара айым, балдар онкологиясындагы 35 млн. сомдук дары жетишсиздиги тууралуу айтып чыктың. Бийликтен камкордук көрүлүп жатабы?

– Дары-дармек көйгөйү ар убак болуп келген. Учурда да курч маселелердин бири. Бирок, тилекке каршы, өкмөт дагы, министрлик дагы эсеп-кысап менен оорулуу балдарга камкордук көргөн жери жок. Мисалы, балдардын онкологиялык ооруларына болгон дары жетишсиздиги депутаттардын капарларына да келбейт. Онкологиялык ооруларга чалдыккан балдарга 35 млн. сомдой каражатка дары жетишсиздиги бар.

Ал эми 2019-жылдын 9 айында ЖК депутаттарынын маянасы үчүн 355 млн. 692,3 миң сом бөлүнгөн. Кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу үчүн 90 млн. 105,2 миң сом, төраганын резервдик фонду үчүн 2 млн. 448 миң сом бөлүнгөн. А оорулуу балдарыбызга дары жетпей саргайып отурушат. Онкология, гематологиядагы ооруларды так аныктап, диагнозун коюп, канча каражат кетерин так аныкташ үчүн кандагы метотрексаттар боюнча анализатор керек.

Ал аппараттын баасы 350 миң доллар турат. Бул аппарат бизде жок. Демек, саламаттык сактоо министрлиги эл аралык клиникалык протоколго туура келбеген, көзөмөлдөнбөгөн, туура эмес дарылоолорду жүргүзүп келет. Ар бир оорунун өзүнүн клиникалык протоколу туура болушу шарт. А бизде болсо ушундай өтө өкүнүчтүү жагдай түзүлүп, чырактай бөбөктөр дары жетишсиздигинин запкысын тартып келүүдө.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: