Menu

Абылгазиев: Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин билебиз

Бөлүшүү:

Кыргызстанга күн сайын бажы каттоосунан өтпөстөн 100 тоннадан ашык күйүүчү май алынып келүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Өкмөт башчы аткезчиликке бийлик өкүлдөрүнүн кимисинин тиешеси бар экенинин билерин кошумчалады.

— Импортту башкаруу маселеси көптөгөн жылдардан бери чечилбей келет. Биз эмнеден баштадык? Алгач күйүүчү майды автоунаалар менен алып келүүнү токтоттук, азыр темир жол аркылуу гана келет. Күн сайын 100 тоннадан ашык күйүүчү май аткезчилик жол менен алып келинет деп айтып жатышат. Бирок мен буга ишенбейм, андан да көп деп ойлойм. […] Мындай иштер укук коргоо органдарынын катышуусу жок болбой турганын билем. Бизге ал жакта кимдер отурары, канча акча алары тууралуу бардык маалымат келет, — деп билдирди Абылгазиев.

Маалыматтарга караганда, 2018-жылы 73 аткезчилик фактысы аныкталып, 146 миң 530 литр күйүүчү май алынган. Алардын жалпы баасы 5 миллион сомдон ашкан. Быйыл январдан июнь айына чейин мыйзамсыз түрдө 5 миң 777 тонна мунайзат алып кирүү учуру катталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: