Menu

Самаркандда мектепте эт саткан мугалим эскертүү алды

Бөлүшүү:

Бир нече күн мурун Самарканддагы №24 орто мектептин аймагында эт сатыла баштаган. Бул факт боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Мектептин аймагына эт сатуучу күркө ачуу социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Текшерүү учурунда эт саткан ишкер ошол мектептин мугалими экени аныкталган.

Самарканд облустук элдик билим берүү башкармалыгы билдиргендей, күркө мектептен 150 метр аралыкта орнотулган. Мугалим 11-ноябрда бука союп, аны кесиптештерине саткан.

Жумуш тобу мал мектептин аймагында союлбаганын тастыктаган. Бирок эт сатуу учурунда санитардык нормалар сакталышы керектиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары мугалим менен мектеп администрациясына эскертүү берилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: