Menu

Дастан Жумабеков, спикер: “Бүгүн биздин күчтүү футболчуларыбыз атаандашын утуп, жеңишке жетээрине ишенем!”

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Жапониянын футбол командаларынын беттешерине саналуу гана мүнөттөр калды. Футбол бүгүн, саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков биздин футболчуларга парламенттин атынан ийигилик каалады. “Бүгүн оюнга чыга турган улуттук командага ийгилик каалап, жеңишке жетишине күчкубат берип койсок. Алар бүгүн утуп чыгып, бизди кубандырып, жакшы маанай тартуулаарына ишенем. Албетте, Японияда дагы Азиядагы эң күчтүү командалардын бири. Бирок, ага карабай биздин күчтүү футболчуларыбыз жеңишке жетет деп ойлойм. Эгер убактыңар болсо, стадионго барып футболдук беттешти көрүңүздөр“, — деди Д.Жумабеков.

Эске сала кетсек, 11-ноябрда Жапониянын футбол боюнча курама командасы жана өкүлдөрү Кыргызстанга учуп келишкен.

Футбол федерациясы билеттердин бардыгы сатылып бүткөнүн, стадионго батпай калган күйөрмандар үчүн атайы фан-зона ачылганын билдирген.

13-ноябрда Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айрым көчөлөр жабылаарын жана милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш алып бараарын эскерткен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: