Бүгүн, 14-ноябрда, эртең менен “Ноябрда бүджеттин процифити 5 млрд сомду түзөт” деген аталышта жаңылык жарыяланган. Кечке маал Каржы министрлигинин басма сөз кызматы редакциябызга чалып, ал боюнча тактоо иретинде почтабызга маалымат жөнөткөндөрүн билдирди. Алардын жөнөткөн маалыматы, тагырагы, 2019-жылдын ноябрь айындагы профицит боюнча министрликтин тактоосу төмөндөгүдөй:
“2019-жылдын ноябрына республикалык бюджеттин кассалык пландоосунун чектик суммаларына гана таянып, «ноябрда профицит 5 млрд. 51,6 млн. сомду түзмөкчү» деп так кесе айтуу – жаңылыш түшүнүк. Анткени 2019-жылдын октябрь айына бекитилген республикалык бюджеттин кассалык планында каралып, бирок ушул жылдын 1-ноябрына карата өздөштүрүлбөй калган жана бюджеттик мекемелердин жеке эсептеринде турган, жалпы суммасы 4 млрд. 436,3 млн. сомду түзгөн калдыктар, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзүнө алган бюджеттик милдеттенмелер бюджеттик мекеме-уюмдар тарабынан 2019-жылдын ноябрь айында пайдаланылмакчы. Андан тышкары, ушул ай ичинде салыктык жана салыктык эмес кирешелер толук түшпөй калышы, ушундан улам республикалык бюджеттин киреше бөлүгү күтүлгөн деңгээлде аткарылбай калышы да ыктымал. Ушуга байланыштуу бул жерде «профицит» терминин колдонуу орунсуз болуп саналат. Анын үстүнө зарылчылык туулган учурда бекитилген жана макулдашылган кассалык планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Бул учурда 2019-жылдын ноябрь айында республикалык бюджеттин кассалык планында көрсөтүлгөн жалпы чыгаша көбөйүшү ыктымал. Белгилей кетсек, кассалык план болжолдонгон мезгил ичинде бюджетке кассалык түшүүлөрдүн жана бюджеттен кассалык төлөм жүргүзүүлөрдүн болжолу болуп саналат“,-деп жазылган маалыматта.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ