14-ноябрда бут тууралуу парламент жыйынында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Депутат Евгения Строкова (КСДП) 2018-жылдын 7-июнунда Ботаникалык бактын сугат системасына 60 млн сом бөлүнөрү жөнүндө тапшырма болгонун эскертип: “Бак жок болуп баратат. Эмне, бул атайын жасалып жатабы? Же кимдир-бирөө курулуш үчүн сатып алганбы?” – деп сурады.
Алтынай Өмүрбекова эң биринчи кезекте 15 млн сом керек болуп жатканын айтты:
“Бак соолуп бара жатат, анткени сугат системасы жок, ар кайсыл жери сынган. Азыр долбоор түзүп жатабыз… Санап көрсөк, 15-16 млн сом керек экен. Былтыр болбой калган, бирок минтип 2020-жылдын бүджетине киргизүүнү карап жатабыз. Дал ушул сугат системасы боюнча”, – деди аткаминер айым.
Депутат айым болсо: “Карап эмес, сөзсүз киргизиш керек, антпесе Бишкек Ботаникалык багынан айрылып калат”, – деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ