Menu

Ала-Тоого айгай салган Айэркен Саймаитинин өлүмү

Бөлүшүү:

“Азаттыктын” журналисти Али Токтакуновдун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө кеп болгон, ошондон бери аты кыргыз элине таанылган уйгур улутундагы ишкер Айэркен Саймаитини 10-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде кылмышкерлер атып кетишкен. Саймаити ооруканада көз жумган. Жеке ишкердин өлүмү түрктөрдө эле дүң болбостон, Ала-Тоого да айгай салды.

Кытайлык ишкерге кол салуу болгон жерге Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык болгон номердеги “Рейндж Ровер” кандайча барып калганы чууну жаратып жатат. “Рейндж Ровер” башкы консул Эркин Сопоковдуку болуп чыкканы анык болду. Сопоков автоунаасын сатыш үчүн “Рамадан туризм” (Айэркен Саймаити ээлик кылган компания) автосалонуна берген, кандуу окуя болгон жерде анын автоунаасы эмнеге турганын түшүндүрүп бере алган эмес деген маалыматты биздин ТИМ билдирген. Биз дагы Ала-Тоого чуу салып жаткан уйгур ишкери тууралуу кызыгып көрдүк.

Айэркенди “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин гана коомчулук биле баштаган болсо, Ак үйдүн 7-кабатында олтургандар, Кытай менен соода кылган бизнесмен-депутат, бажыны башкаргандар, дин тармагындагы атактуулар аны менен чогуу чай ичип, иш жүргүзүп келишкен. Миллиондогон доллар менен иш жүргүзгөн кыргыздын кыйындары Айэркенди Эркин деп гана таанычу экен.

Эркин уйгур ишкери болгондуктан, Кытай тарап менен иштеген компаниялардын товарларын бажы шефтери менен сүйлөшүп, көмүскө жол аркылуу киргизип жүрчү дешет. Жогорку билимге ээ болбогон Эркин сооданын тилин мыкты өздөштүргөндүктөн, акчаны кантип чыгарууну, товарды алып кирүү жолдорун, кимге канча акча берүү керек экенине чейин ойлонулган схеманын автору болуп саналат экен. Анын кызматын бажыдан түшкөн миллиондорду четке которуу үчүн колдонушканы ушундан улам окшобойбу. Миллиондогон акчаны айландырганды мыкты билген ишкердин өлүмүнө акча себеп болдубу же башка жагдайлар дагы болушу мүмкүнбү? – деген суроолор менен өз булактарыбыз аркылуу маалымат алганга аракет кылып көрдүк. Алар Эркин менен байланышы бар кыргыз бийлигиндеги таасирдүү фигуралардын аттарын атоодон баш тартышты. “Коопсуздугубуз үчүн айтпай эле коёлу, силер дагы биздин атыбызды айтпасаңар, биз билген чындыкты айтып берели” дешкенине макул болдук. Бул биздин версия эмес, чуу салган уйгур ишкери менен тааныш болгон адамдардын айтканы.

Эркин Кара-Суудагы “Достук” бажы бекети аркылуу Өзбекстанга Кытай товарын ташыган кытайлык уйгурлардын “Абу-Сахий” деген компаниясынын бул жактагы өкүлү болуп иштеп, Өзбекстанга кирген товарларды каттоого алып турган. Бажыдагы таасирдүү адамдын ишенимине кирип, ага тийиштүү үлүштү убагында берип, анын иштерин жасаганга өтөт. Таасирдүү бажычы Англиядан үй алганда, акчаны чет жакка чыгарганга Эркин аркылуу которуп турган.

“Абу-Сахий” компаниясы менен Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун экинчи кызы Лоланын жолдошу Тимур Тилляев дагы иш кылган. Ташкентте “Абу-Сахий” деген чоң базар Тилляевге таандык болуп, жаңы бийлик келгенден кийин базардын кожоюндары алмашкан.

Саймаити “Достук” бажы бекетинен товарлар тоскоолдуксуз өтүп туруусу үчүн “Абу-Сахий” компаниясынын жетекчи өкүлдөрүн кыргыз бажысында таасири бар адам менен Дубайда жолуктуруп сүйлөштүрөт. Ошол жолугушуудан кийин бажыдагы таасири бар адам “Абу-Сахийдин” ээлери менен түз иш кылып, ортомчу болгон Эркин менен мамилени салкындата баштайт.

Кирешелүү компаниянын ээлери түз мамиле түзүп жаткан соң, бийлиги бар бажычы Эркинди кысып, Кыргызстандан биротоло чыгарууга аракет жасайт. Кечээ ИИМ министри “Айэркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн 28 миң 168 доллар турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган” деп парламентте билдирди. Биз байланышкан булактар таасирдүү адам Эркинге жасалма иш козготуп, өлкөдөн чыгууга аргасыз кылган деген маалыматты айтышты. Түркияда ээн-эркин жүргөн ишкерге эл аралык издөө жарыяланган болсо, эмне үчүн аны ушул убакка чейин кармашкан эмес? Түркиядагы башкы консул кылмышкер деп жарыяланган адамга жолтандабасын берип жатпайбы?

Ошентип Эркин Түркияга үй-бүлөсү менен кетет. Бул жактагы бийликте олтурган таасирдүү адамдар, “каралардын” босстору, диний чөйрөдө көрүнүктүү болуп калгандар менен мамилесин үзбөйт. Түркияга барган депутат, молдоке, кримчөйрөнүн таасирдүүлөрүн тосуп алып, аларды узатканга чейин чай куюп берип жүргөн.

Өзүнө атайын иш козготкон таасирдүү бажычыдан дагы үмүтүн үзгөн эмес экен. Жакын адамын ооруканага көрсөтүп, өз жанынан он миңдеген доллар коротот. Кыйналып жүргөн кезинде Түркияга барган молдоке аркылуу “Ошол адамда 300 миң доллар аласам калды эле. Жакын адамы ооруканага түшкөндө мынча акча сарптап короткон болчумун. Кыйналып турам, акчаларымды берсе жакшы болот болчу. Сиз айтып көрбөйсүзбү?” деп өтүнөт. Кудай деген молдоке, бирөөнүн аманатын айтып коёюн деп айтчу кишиге айтса, ал “Менин андан эч кандай карызым жок. Жакыныма короткон акчасы ушул” деп 6 миң доллар берет. Кудай жолунда жүргөн киши Түркияга кийинки жолу барганда “Ушул акчаны берип жиберди” деп баягы 6 миң долларды карматса, Эркин “Сиз Кудай жолундагы адамсыз. Ушул акчаны Кыргызстандагы муктаж адамдарга ихсан кылып коюңузчу” деп карматат. Ошондон кийин бажычы менен мамилеси үзүлгөн деп айтып беришти.

“Азаттыкка” чыккан иликтөөдөгү материалдар Айэркен Саймаити тарабынан ыргытылган болушу мүмкүн деген божомолдор бар. Али Токтакунов өз иликтөөсүнүн экинчи бөлүгү да бар экенин айтпады беле. Биз байланышкан булактардын айтуусу боюнча, ошол берүүдөн кийин Саймаитиге белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп, ал ооруканага түшүп, асма укол алып жакшы болгон. Ошондон кийин колундагы сырдуу материалдардын экинчи бөлүмүн “Азаттыкка” берүүдөн баш тарткан. Эркин таасирлүү адам кайсыл жылы, кайсыл банктагы эсебине канча акча которгону, Англиядагы үй кандай сатылып алынганы жөнүндөгү документтер, банктык эсептер чогултулган папканы кыргыз президентине киргизүү үчүн ишенимдүү адамды издеген. Президенттин колуна мендеги документтер тийсе жакшы болмок, мени ушул документтер үчүн өлтүрүп кетиши мүмкүн деп айтып калчу экен. Бул айтылгандар канчалык деңгээлде чындык экенин таасирдүү адам гана билет. Калгандарыбыз Эркин катып кеткен папкадагы документтерди көргөн эмеспиз. Бирөөнү күнөөлөгөнгө укугубуз да жок.

Түркиянын «Анадолу» мамлекеттик маалымат агенттиги Айэркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалганын, кармалгандар суракта уйгур ишкерди Кыргызстандагы аласа-бересе маселесинен улам өлтүрүшкөнүн айтып көрсөтмө бергенин жазып чыккан. Түрк маалымат агенттиги берген маалыматка, бизге маалымат бергендердин айтканы дал келип жатканы таң калыштуу болууда. Көп сырды ачыктабай адам колдуу болуп өлүп кете берген уйгур ишкери эмнелерди катып жүргөнү да жакынкы аралыкта чыгып калышы мүмкүн. Биз дагы уккан жаңы жагдайлар боюнча маалыматты берип турганга аракет кылабыз.

Б. Бердалиев

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: