15-ноябрда Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот иши Биричин май райондук сотунда жабык түрүндө каралмак. Шектүүлөрдүн бири – А.Атамбаев. Сот Эмилбек Кайыпов айыпталуучулардын бири – академик Абдухалим Раимжановдун ооруп калганына байланыштуу сотту 29-ноябрга жылдырып койду. Сотко врач Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева келген эле. Ал эми Атамбаев бу жолу да сотко келүүдөн баш тарткан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ