Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Айыл чарба тармагы – өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-ноябрда, Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

Калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүн жумуш менен камсыз кылып,  жашоо деңгээлин жогорулатып, экономикабызга олуттуу салым кошуп жаткан айыл чарба тармагы — өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Эзелтен эле баба дыйкандарыбыз жана мыкты малчыларыбыз  коомубузда барктуу орунду ээлеп келишкен.

Кыргыз эли кылымдар бою табигый таза продукцияларды өндүрүп келген тажрыйбаны улантып, жакынкы жылдары жаңы технологияларды колдонуу менен экологиялык таза продукцияларды арбын өндүргөн жана экспорттогон өлкөгө айлануу максатын койдук.

Ал үчүн майда чарбаларды бириктирүү, ири кооперативдерди түзүү, ирригациялык системаларды куруу, сугат жерлерди көбөйтүү милдети турат.

Тармакты башкаруу жана санариптештирүү системаларын өркүндөтүү керек.

Мамлекет кайра иштетүү ишканаларын курууга, жаңы  долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурууда. Каржы ресурстарынын басымдуу бөлүгү аймактарды өнүктүрүүгө багытталууда.

Сиздер менен чогуу жасаган аракеттердин натыйжасы менен элет жерин өнүктүрүү багытында жакшы көрсөткүчтөр камсыз кылынды.

Сиздерге терең ыраазылык билдирем!

Мындан ары дагы жаңы жеңиштерди жаратасыңар деп ишенем.

Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, ийгиликтерди каалайм!»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: