Menu

Марлен Маматалиев, ЖКнын депутаты: “Биздин “Коопсуз шаар” долбоорунда кемчиликтер көп…”

Бөлүшүү:

– Марлен мырза, Грузияга барып, үлгү алчу тажрыйбаларын үйрөнүп кайтыпсыз…

– Грузия акыркы убакта баардык мамиледе алдыга озуп чыкты. Иш сапар менен ал жакка барып, бирдиктүү операциялык борбор жана кайгуул полициясынын кызматтык тейлөөсү менен таанышып келдим. Депутат кесиптештер менен жолугуштум. Мекенге кайткандан соң, айрым алган тажрыйбаларды колдонуп, биздин өкмөткө сунуштарды киргизип, Жогорку Кеңеште маселе көтөргөнү турам. Биз толугу менен Грузиядан үлгү алып, алардын жолу менен кетсек болот. Мисалы, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айтсак, унаалардын тартип бузуусунан акча чогултуу эле эмес, мамлекетти коопсуз кылуу, камсыздоо максатында долбоорду иштетүү керек. Бизде, тилекке каршы, унаалардын эреже бузуусуна гана көңүл бурулуп, айыптар салынууда. Негизги кылмышкерлердин, кооптуу адамдардын жүргөнү, адамдардын коопсуздугу каралган эмес.

– Дагы кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Америкалык 911 дегендей эле ал жерде 112 системасы иштейт экен. Жаран акыбалын айтып чалат. Ал жерде отурган диспетчер өзү өрт өчүрүүчүгөбү, «тез жардамгабы», милициягабы – кайда кайрылышты өзү чечет. Бирок, баары камерада каралып, баштан-аяк жумушту кандай алып барышы ачык жүргүзүлөт. Бизде болсо, тилекке каршы, бир гана эрежелерди бузгандарга айып пул салынып жатат. Ал жакта болсо баары комплекстүү. Алгач аэропорттон тартып эле мамлекетке кирип жаткан жарандар Интерполдо ж.б. издөөлөрдө жокпу, террористтердин тизмесине киргенби, кирген эмеспи  баары текшерүүдөн башталат. Анан коомчулук көбүрөөк жүргөн жерлерге камераларды коюп, эл коопсуздугун карайт. Өлүмгө коркунуч келе турган учурлар болобу, массалык мушташуу болобу, баардык коомдук тартип бузуулар көзөмөлдөнөт. Биз «Коопсуз шаар» долбоорун акча чогултуу үчүн иштетпей, элдин коопсуз жашоосу үчүн иштетишибиз керек.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: