Ысык-Көлдө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын билдирүүсүнө караганда, кечээ саат 23:49да жер силкинген. Тоң районунун Туура-Суу, Темир Канат айылында 2,5 баллга чейин, Бөкөнбаев айылында 2 баллга чейин жер титиреген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ